Коом

ВИДЕО: Ошто дарыкананы тоноо үчүн пистолет менен кирген жигит кармалды

Ош шаарында дарыканалардын биринде каракчылык кылган деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 13-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Ош шаарындагы дарыканага каракчылыкка кирип, сатуучуну белгисиз тапанча менен коркутуп, 90 миң сомду алып кеткен. Анын Ош шаарынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды.

Анын дарыкананын сатуучусун кантип тоногону видеого түшүп калган.

Дарыкананын сатуучусу ага пистолет көрсөтүп, коркуткан «түнкү каракчыдан» коркпой, телефон чалганы да коомчулукка жылуу пикир жаратууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button