Коом

Акылбек Жапаров америкалык миллиардер Рэймонд Далиону Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон жумуш сапарынын алкагында Дүйнөлүк инвестициялык форумдун 8-сессиясынын жүрүшүндө америкалык финансист, инвестор жана «Bridgewater Associates» инвестициялык компаниянын негиздөөчүсү Рэймонд Далио менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ал эми Рэймонд Далио министрлер кабинетинин төрагасына «Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу автордук китебин тапшырды.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров Рэймонд Далиону Кыргызстанга келип кетүүгө, анда өлкөнүн университеттеринде бул китепте жазылган негизги идеяларды айтып берип, лекция окууга чакырды.

Белгилей кетсек, 73 жаштагы миллиардер жана инвестор Рэймонд Далио 150 миллиард АКШ долларлык активдерди башкарган «Bridgewater Associates» компаниясынын негиздөөчүсү.

«Дүйнөлүк тартипти өзгөртүүнүн принциптери» аттуу автордук китеп дүйнөлүк бестселлерге айланган. Анда дүйнөлүк экономиканын өйдө-ылдый болушу, азыркы учур менен жашап өткөн замандын жана келечектин айырмасы сыяктуу бир катар суроолорго жооп алууга болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button