Маданият

КР эл артисти Назира Мамбетованын 75 жылдыгына карата жумалык өтүүдө

Маданият министрлиги актрисанын коомчулукка жарыялана элек сүрөттөрүн чыгарды.   

Назира Мамбетова 1948-жылы Жети-Өгүз районунун, Тамга айылында туулган. Ал өмүрүнүн 50 жылын сахнага байлаган талант. Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса.

Ошондой эле ал Алай ханышасы Курманжан датка, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» фильминдеги Бекей, «Мен — Тянь-Шань» фильминдеги Кадичанын жана башка көптөгөн образдарды жараткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button