Маданият жана маалымат министрлиги журналисттер арасында сынак жарыялайт. Шарттары

Маданият министрлиги маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темаларын чагылдырган ЖМК жана журналисттер арасында сынак жарыялайт.
Бул тууралуу аталган министрликтин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2023-жылга карата иш-чараларынын планынын ылайык, маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темаларын чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер арасында сынак жарыяланат.
Сынак маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темасын кесипкөй, объективдүү жана системалуу чагылдырууга жалпыга маалыдоо каражаттарын тартуу, өлкө элине маалымат берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылуу жана ЖМК жана анда иштеген журналисттердин чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүүнү көздөп, мамлекеттик орган тарабынан жасалып жаткан иштерди ЖМКлар аркылуу эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулат.
Сынактын шарттары
Сынакка маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер темасындагы эмгектер кабыл алынат.
— Маданият (маданият жаатындагы жасалып жаткан иштер, китепкана, музей, кино, театр оюн-зоок, профессионалдык искусство, маданият жаатындагы билим берүү, маданий мурастар ж.б. темаларды ачып берүү);
— Маалымат (маалымат жаатындагы мыкты иликтөөлөр, сөз эркинидигин сактоо, жалган маалыматтарды таратуунун тобокелчилиги жана өлкөдөгү медиа индустрияга арналган темаларды ачып берүү);
— Спорт (кыргыз спортунун ийгиликтери, алар үчүн көрүлүп жаткан шарттар, сергек жашоого үндөгөн келечектеги жаш спортчуларга дем бере турган ишаракеттерди ачып берүү);
— Жаштар саясаты (жаштар арасында мекенчилдик сезимди ойготууга, өз кесибин сүйө билүүгө, ошондой эле аларды ынтымакка, достукка тарткан темаларды ачып берүү);
— Этностор аралык мамилелер (Кыргызстанда көп улуттуу өлкө. Улуттар ортосундагы ынтымак, байланыш жана ар бир кыргыз жаранынын мамлекетке кошуп жаткан салымы тууралуу).
Эмгектер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Сынакка кимдер катыша алат
Сынакка кыргызстандык жана чет элдик мезгилдүү басылмалардын, радио жана телеберүүлөрдүн редакциялары жана маалымат агенттиктери жана анда расмий иштеген журналисттер катыша алат.
Катышуучунун жаш курагы чектелбейт
Сынакка эмгектерди кабыл алуу тартиби
Сынакка 2023-жылдын 1-январынан 15-ноябрына чейин эфирге, обого чыккан жана расмий жарыяланган эмгектер катыша алат.
Эмгектерди кабыл алуунун акыркы күнү 2023- жылдын 17-ноябры болуп саналат. Мөөнөтүнөн кечиккен эмгектер кабыл алынбайт.
Сынакка катышуучулар эмгектерин электрондук түрдө, түп нускасын же көчүрмөсүн иш күндөрү саат 09:00- 18:00гө чейин “Конкурска” деген белги менен тапшыра алат.
Эмгектерге коюлган талаптар
— Эмгектерди системалуу берүү жана аудиториянын камтылышы;
— Материалдын мазмууну жана актуалдуулугу;
— Кесипкөйлүк жана чыгармачылык мамиле;
— Материалды берүү формаларынын оригиналдуулугу жана эффективдүүлүгү.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Министрлик тарабынан көз карандысыз медиа эксперттердин өкүлдөрүнөн кошуу менен атайын комиссия түзүлүп, буйрук менен бекитилет.
Ар бир тармак боюнча (маданият, маалымат, спорт, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер) бирден мыкты эмгек жана 2 атайын сыйлык тандалып, жалпы 15 сыйлык тапшырылмакчы. Алар мыкты сюжет, мыкты радио уктуруу, мыкты макала болушу мүмкүн.
Сынакты жыйынтыктоо жана сыйлыктарды тапшыруу аземи салтанаттуу өтүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, диплом жана баалуу белектер тапшыралат.
Аталган сынак эми жыл сайын өтүп, тармактагы жасалып жаткан иштер аркылуу коомчулуктун аң сезимин жакшы жакка бурууга, инсандын адеп ахлактык жактан табиялоого арналмакчы.
Байланыш: Кыргыз Республикасы., Бишкек шаары. А.С.Пушкин көч. 78., 2-кабат., 201 каб. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматы бөлүмү.,
Электрондук дарек: [email protected]
+996 312 621 234., +996 703 100 683, +996 703 342 710., +996 557 565 691.
Арыздын үлгүсү шилтемеде:



