УКМК: Камчыбек Ташиев өткөн жылы кагылышууда жаракат алган чек арачы Инхамов Таирбеке батирдин ачкычын тапшырды -ФОТО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту.


Жолугушуу учурунда, Инхамов Таирбек Даврановичке Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Мындан сырткары, КР УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.


Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Т.Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда Т.Инхамов ата-энеси менен жашайт.



