Коом

Португалияда дүйнөдөгү эң кары ит өлдү

Тарыхта эң кары ит катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген Боби аттуу ит Португалияда 31 жашында өлдү. Бул тууралуу дүйнөлүк рекорддор китебинин сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

«Боби 31 жыл 165 күн жашаган. Ал 21-октябрда Португалиянын Кокейруш айылындагы үйдө өлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Ит 1992-жылы 11-майда туулган. БобиГиннесстин рекорддор китебине ушул жылдын февраль айында кирген, ал кезде ит 30 жаштан ашкан. Бул породадагы иттердин орточо өмүрү 12-14 жылды түзөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button