Окуялар

ВИДЕО: Бишкектеги гипермаркеттердин бириндеги кассадан 45 миң 838 сом уурдаган жаран кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды.

2023-жылдын 14-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге райондун ички иштер башкармалыгына А.А. аттуу жаран ушул жылдын 14-октябрында саат 16:20 чамасында Юнусалиев көчөсүндөгү гипермаркеттердин биринде, кассадан 45 миң 838 сом суммадагы акча каражатын жашыруун түрүндө уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголду.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Н.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакка алуу бөгөт кою чарасы тандалды.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды, — деп билдирди Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан.

Көңүл буруңуздар! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0 (508) 019 001, 0(502) 338 099, 0(709) 934 592 же 102.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button