ДүйнөКоом

Дубай шаарын суу каптап, аба каттамдары токтотулду

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Дубайды суу каптады. Бириккен Араб Эмираттарынын эң ири шаарында сел жүрүп жаткан кадрларды социалдык тармактардын колдонуучулары жарыялоодо.

Аба ырайына байланыштуу метро каттамдары үзгүлтүккө учурады. Абу-Даби менен Дубайда көптөгөн имараттар жана райондордо электр энергиясы жана суу үзгүлтүккө учурады. Туруксуз аба ырайынын шартында Дубай мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле жеке менчик мектеп окуучулары үчүн аралыктан иштөө мөөнөтүн узартты. Бийлик жеке компанияларды кызматкерлерге үйдөн иштөөгө уруксат берүүгө жана жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга үндөдү.

Шаарда аба каттамдар токтотулуп, кечигип жатат. Кээ бирлери башка аэропортторго багытталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button