УКМК: Өзгөн районунда “жер мафиясынын” мүчөлөрү кармалды — ВИДЕО

Өзгөн районунда мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 22,40 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча, башкача айтканда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.
2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде «жер мафиясынын» мүчөлөрү Баш-Дөбө а/а кызмат адамдарынын, Баш-Дөбө а/к депутаттарынын, Өзгөн райондук архивинин кызматкерлеринин жана Өзгөн шаарынын тургундарынын ичинен тиешелүү токтомдорду артка карай жасалмалаганы аныкталып, анын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.03.2021-жылдагы №106 чечими менен Кош-Коргон Баш-Дөбө а/а айылында жайгашкан жалпы аянты 22,40 га жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясына өзгөртүлгөн.
Кийинчерээк «Жер мафиясынын» катышуучулары бул жер участокторун Баш-Дөбө а/а жана Өзгөн шаарынын айрым тургундарына сатып, бул бүтүмдөрдөн ири пайда алышкан. Алардын кылмыш иштеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.


Бул окуяга байланыштуу «жер мафиясынын» 9 мүчөсү: У.Ы.Д., И.И.А., С.М.Т., И.К.А., Н.М.А., А.Б.К., И.А.У., З.К.Р. жана Ю.К.М. кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.


2025-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтому менен жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы №106 токтому күчүн жоготту. Ушул эле токтом менен 22,4 гектар жердин 11,0 гектары “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсына көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн берилди.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишинин материалдары соттун кароосуна өткөрүлүп берилди.



