Кыргызстанга Европа жана Америкадан кезектеги туристтик поезд келди

Бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарына Европа жана Америкадан туристтик поезддер келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтерди «Кыргыз темир жолу» МИнин кызматкерлери жана уюштуруучулар тосуп алышты.
«Жалпысынан № 926/925 турпоезд менен 72 жакын туристтер келишти. Бул туристтик эс алуу маршуртун Lernidee Erlebnis Reisen GmbH туристтик компаниясы уюштурган», — деп айтылат маалыматта.
«Кыргыз темир жолу» туристтердин каалоосун эске алуу менен № 926/925 турпоездге ишкананын «Люкс» жана «ВИП» вагондорун чиркеп, Балыкчы шаарына чейин барып келүүгө шарт түзүп берүүдө.
Келген коноктор кереметтүү Ысык-Көлдүн кооз жаратылышы жана тарыхый-маданий мурастары менен таанышып 28-октябрда Балыкчыдан Бишкек шаарына кайтышат. Мындан тышкары, туристер Бишкек шаарын кыдырып, 29-октябрда кызыктуу сапарын улантышат.



