Коом

УКМК: Салыктан качып ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн мыйзамсыз товар ташыгандар аныкталды

КР УКМК Талас облусунун аймагындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына тиричилик буюмдары деп товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз түрдө, милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз  борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 26-октябрында “Чоң-Капка-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан КР М.С.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү жүк ташуу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктар чыккан.

Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктык төлөмдөрдү төлөбөй коюдан тарткан зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button