ВИДЕО: Ысык-Көлдө түн ичинде мыйзамсыз балык уулаган жергиликтүү тургун кармалды

Көлдүн акваториясында балыктар урук чачуу мезгилинде, Ысык-Көл облусунун милициясынын мобилдик топторунун кайгуул күзөт иштери күчөтүлдү. Мобилдик топторго туристтик-экологиялык милициясынын, милициянын аймактых ыйгарым өкүлдөрү, тергөө жана кылмыш иликтөө кызматтарынын кызматкерлери киришти.
Аталган иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин аймактык башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү дагы тартылган. Рейдке тартылган кызматкерлер браконьерлер суу фаунасынын түрлөрүнүн ушул мезгилдеги аялуу абалынан пайдаланууга аракет кылбашы үчүн, күнү-түнү көзөмөл иштерин турмушка ашырып келишет.
Кабыл алынган уюштуруу-практикалык чаралардын натыйжасында, балыктар урук чачуу маанилүү мезгилде мүмкүн болушунча көп балык кармагысы келген бир нече браконьерлер аныкталды.
Алып айтсак, 26-октябрдан 27-октябрга караган түнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Түп районунда жайгашкан Николаевка булуңунда рейд жүргүзүү учурунда мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен Түп айылынын тургуну 38 жаштагы М.Т. кармалды. Кармалган жарандан далил зат катары резина кайык, 8 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 129 даана мыйзамсыз кармалган «Сига-Лудога» балыктары алынды.
Аныкталган факт Түп РИИБдин маалыматтарды катоо электрондук журналында катталды. Юридикалык баа берүү жана материалдык зыянды аныктоо үчүн чогултулган материалдар райондук милициянын тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди, — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.





