Коом
Бишкекте “Эл Аман” аталышындагы биринчи мамлекеттик дарыкана ачылып,ага министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты

Дарыкана Логвиненко, 30 дарегиндеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылган. Саламаттык сактоо министрлиги ал жакта 800 аталыштагы зарыл болгон препараттар бар экенин билдирди.
“Жашоочулар мамлекеттик дарыканадан дарыны 10-15 пайызга арзан ала алат”, — деп билдирди мекеме.
Министрлик 10-ноябрга чейин республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачыларын белгиледи. Ал эми дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү каралууда.



