ВИДЕО: Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуу учурунда үч жаранды кармашты

Мыйзамсыз балык уулоо, биологиялык ресурстардын объектилерин мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу максатында, Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин региондук башкармалыгынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан тынымсыз рейддик иш-чаралар турмушка ашырылып келүүдө.
Ушундай рейдтердин жүрүшүндө Түп РИИБдин милиция кызматкерлери мыйзамсыз кармалган балыктарды сатып жаткан жеринен үч жаранды кармашты. Алар Түп айылынын тургундары, 42 жаштагы С.У., 34 жаштагы Ж. Э. жана С. Б. болуп чыгышып, райондук борбордо «HYUNDAI» автомашинасы менен 102 даана «Сиг-лудога» балыгын сатууга аракет кылышкан.
Аныкталган факт Түп РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде, тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду. Жаратылышка келтирилген зыянды аныктоо максатында, материалдар жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Тергөө амалдары уланууда, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.




