Коом
«2019-жылы асырап алынган». Эмгек министрлиги байланган абалда табылган кыз боюнча үн катты

Скотч менен байланган кыздын иши Эмгек министрлигинин көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, материалдар Бишкек шаардык соттук-медициналык экспертизасына сексуалдык зомбулук фактысы бар-жогун аныктоо үчүн жөнөтүлгөн. Өспүрүм кыз 2019-жылы соттун чечими менен асырап алынган. Сокулук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат. Балага психологиялык жардам көрсөтүлүүдө», — дешти.



