Коом

Борбор калаада «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин «Ак Мөөр» сыйлыгы өз ээлерин тапты

2026-жылдын 21-ноябрында «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин ишкерликте жана башка тармактарда ийгилик жараткан ишкер, жаратман айымдарга “Ак Мөөр” жогорку даражалуу сыйлыгы тапшырылды. Ошондой эле долбоордун алкагында жыл сайын жарык көрүп келе жаткан “Ак Мөөр” түстүү журналынын бет ачар, таанытуу аземи болуп өттү. 

“Ак Мөөр” улуттук долбоорунун автору «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин төрайым, белгилүү продюсер, коомдук ишмер Дана Абдыбекова.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Шарипа Садыбакасова, Чолпон Баекова, Бөдөш Мамырова, Аида Салянова, Ширин Алиева-Костюк, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Назира Мамбетова, Гүлсүн Мамашова, Каныкей Эралиева, Гүлшан Молдоева, чет өлкөдөн келген коноктор, белгилүү ишкер айымдар, кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү, ырчылар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

“Ак Мөөр” долбоорунун максаты – аялзатынын коомдогу жогорку ордун белгилөө менен адамзат турмушундагы айымдардын ролун жогорулатуу, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жигердүү салым кошкон, жаратман, ишкер айымдардын өмүр жолун даңазалоо жана коомго таанытуу болуп саналат.

Долбоордун маданий бөлүгүндө Манас эпосунан үзүндү айтылып, “Аялзатына таазим” театралдык сценкасы,  кыргыздын каада-салттарын жайылтуучу жана  даңазалоочу “Бешикке салуу”, “Кырк өрүм”, “Ак шөкүлө”, “Элечек” сценкалары коюлуп, катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды.

“Ак Мөөр” сыйлыгын тапшыруу аземинде Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу министрликтин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, долбоордун улуттук маданиятты жана кыргыз аялзатынын коомдогу ордун даңазалоодогу маанисин белгиледи.

“Кыргызстаныбыздын бүгүнкүдөй болуп өнүгүп жатышына кыргыздын айымдарынын дагы салымы чоң. Мына күбө болуп жатасыздар, айымдар бардык тармактарда, курулуш компанияларында, завод, фабрикаларды жетектеп, зор ийгиликтерге жетишип жатышат.

«2019-жылы “Ак Мөөр” долбоорун алгач баштаганда эле мен аны бүгүнкүдөй масштабда, эл аралык деңгээлге чыгарына ишенгем жана тилек кылган элем. Бүгүн ийгиликтүү, жаратман айымдарга “Ак Мөөр” сыйлыгын “Ырыс Ордо” хан сарайында жогорку уюшкандыкта тапшырдык. Кыргыздын айымдары ишмердиги, аруулугун, акылгөйлүгү менен ар дайым сый-урматка татыктуу. “Ак Мөөрдүн” ар бир каарманы президент Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алышына тилектешмин” – деген пикирин билдирди долбоордун автору Дана Абдыбекова.

Эскерте кетсек, «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси президентибиз  Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын жана “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө программасын” колдоо максатында улуттук долбоорлорго басым жасап, аларды жогорку деңгээлде өткөрүп келет.

Маалымат үчүн: «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин кыргыздын улуттук баалуулуктарын, улуттук дөөлөттөрүн жана маданиятын жайылтуунун үстүндө ири улуттук долбоорлорду – «1000 ак элечек айымдар», «Ак кемеде ак элечек апалар», «Бешбармак» (Гиннеске катталган), «Кырк казан» жана «Жети казан» сүмөлөк фестивалы, «Кыргызымдын кырк кызы», «Бейиш энелердин таман алдында», «Үлгүлүү өмүрлөш жубайлар», «Ак Мөөр» жана “Ак Мөөр” сулуулар сынагын жыл сайын ийгиликтүү өткөрүп келе жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button