Коом

Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду.

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Эрмек Нурумбетов, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, шаардагы медициналык мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button