Коом

Эне-балдарды өлтүргөн Чынтемир Аширалиев өмүр бою эркинен ажыратылды

Өкүмдү Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды. Мындай жазаны жабырлануучу тарап, прокурор сураган.  Соттолуучу өзү аягына чейин күнөөсүн мойнуна алган жок.

Сот отуруму дээрлик 4 айга созулду. Жараянда айыпкер маркум аял менен 2012-жылдан бери жакын мамиледе жүрүп, бир уулдуу болгону аныкталды. 

Быйыл 16-февраль күнү 5-кичи райондо 51 жаштагы Алтынай Канзаманова өз үйүндө 17 жаштагы кызы жана 9 жаштагы уулу үчөө өлтүрүлгөн.  

Аширалиев 37 жашта, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. УКМКда 16 жыл иштеп кеткен. Соңку шайлоодо ЖК депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button