Окуялар

УКМК: Жеке нотариус менен жардамчысы каза болгондордун кыймылсыз мүлкүнүн документтерин бурмалагандыгы үчүн кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жеке менчикти (туугандары жок жана мурас иштери ачылбаган маркум карыялардын) кыймылсыз мүлккө болгон документтердин негизги пакетин бурмалоо жолу менен мыйзамсыз каттоо жана кийин кайра сатуу фактысы менен байланышкан системалуу коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз борборунан билдиришти.

Тактап айтканда, айрым жарандар Жер ресурстары кызматынын (мурдагы “Кадастр» мамлекеттик мекемеси) кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жалгыз бой карылардын (каза болгон) кыймылсыз мүлктөрүн негиздеп, алардын кыймылсыз мүлкү тууралуу тиешелүү маалыматтарды чогултуп, алардын тууган-туушкандары жок экендигин жана мурастык маселелердин жоктугун аныктап, жеке нотариус жана Жер ресурстары кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте материалдык пайда алуу максатында, кийин кайра сатуу үчүн кыймылсыз мүлккө жасалма документтерди жасашкан.

Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо жана андан кийин кайра сатуу боюнча мыйзамсыз келишимдер аткарылгандан соң, алынган акчанын суммасы бул кылмыштуу схемага тиешеси бар адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык жеке нотариус К.А.Т. жана анын жардамчысы Дж.Р.Дж. кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан системалык мүнөздөгү башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана документтештирүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин, анын ичинде Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу бүтүмгө катышуусуна баа берүү боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button