Коом
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында кызамык менен ооруган бейтаптар үчүн кошумча бөлүм ачылат

Башкы дарыгер Гүлжигит Аалиевдин айтымында, азыр ооруканада кызамык менен ооруган 78 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, 17 адамда оорунун белгилери бар, бирок так диагноз чыга элек. Буга байланыштуу аларды да өзүнчө палатага жаткырышкан.
«Кошумча бөлүм кызамык менен ооругандардын саны азайганга чейин иштейт. Дарылануудагы бейтаптардын 85 пайызы эмдөө албагандар», — деди башкы дарыгер.
Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңден ашык адам кызамык оорусуна чалдыккан. Басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар жана эмдөөдөн өтпөгөн окуучулар.
@abal-kg



