Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы участкалык милиция пункту ачылды — ФОТО

Иш-чарага Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров, Каракол шаардык Кеӊешинин төрагасы Туратбек Акимканов, шаардын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, ошондой эле шаардык милициянын жетекчилери жана өздүк курамы катышышты.
Курулуп бүткөн милициянын участкалык пункту бардык тийиштүү шарттар менен жабдылган. Бул имарат шаардын борбордук базарында жайгашып, шаардын меймандарын жана калкын тейлейт.
Ачылыш аземинде сөз алган Каракол шаардык Кеӊешинин төрагасы Туратбек Акимканов, коопсуздук жана укуктук тартип маселелерин чечүүдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы сапатын талап кылаарын белгиледи. Милициянын участкалык пунктунун кезектеги жаңы имараты шаарда ачылып жатканы — бул коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү боюнча жаңы кадам болуп саналарын айтып кетти.
Өз сөзүндө Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров белгилегендей, калктын ыңгайлуулугу жана ар кандай мүнөздөгү кырсыктарга өз убагында чара көрүү, юридикалык жардам көрсөтүү жана коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, ошондой эле облустун аймагында милиция кызматкерлери менен калктын тыгыз өз ара аракеттенүүсү үчүн милициянын участкалык пункттары этап-этабы менен орнотулууда.

«Мына бүгүн биз милициянын дагы бир жаңы участкалык пунктун ачып жатабыз. Жаңы пунктта шаардын борбордук базарын жана ага жакын жайгашкан тилкелерди тейлеген милиция кызматкерлери өз кызматын аткарышат. Базарда иштеп жатышкан ишкерлер жана жергиликтүү калк өздөрүнүн участкалык милиция кызматкерлерине кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү жардам көрсөтөт деп ишенем», — деди ал.







