Коом
Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 110,4 млн сом жумшалды

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 110,4 млн сом суммасында 66 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Алар:
— 20 мектепке – 30,6 млн сом;
— 4 саламаттык сактоо мекемелерине 3,7 млн сом;
— 24 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 50,6 млн сом;
— 3 спорттук курулуштарга – 6,3 млн сом;
— 6 маданий маанидеги объектиге – 6,7 млн сом;
— 9 бала бакчага – 12,5 млн сом жумшалды.



