Коом

Кыргызстанда 10 айда дээрлик 144 миң баш мал экспорттолду

Кыргызстанда 10 айда 143 миң 666 баш мал экспорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экспорттолгон мал-жандыктардын 42 миң 745 башы бодо мал, 96 миң 710 башы кой-эчки, 4 миң 211 башы жылкы болгон.

Ошондой эле өлкөгө 10 айда 25 миң 693 баш мал импорттолгон. Анын ичинен 19 миң 469 башы бодо мал, 940 башы кой-эчки, 5 миң 284 башы жылкы болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button