УКМК: Чет элдик жарандарды мыйзамсыз эксплуатациялап жүргөн ишкер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Сокулук районундагы тигүү цехинин ээси Ж. А. аттуу ишкер чет өлкөлүк жарандарды мыйзамсыз эксплуатациялоого шек саналып кармалганын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы 20-июнда тараткан маалыматка ылайык, аталган ишкердин Новопавлока айылында жайгашкан тигүү цехинде тинтүү жүргүзүлгөн. Анда Түштүк Азиядан келген 30 чет өлкөлүк жаран иштеп жатканы такталган.
«Аталган жарандарды Ж.А. алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмесин бузуп, эбегейсиз зор пайда алуу максатында аларды эксплуатациялап, убада кылынган эмгек акысын берген эмес. Ошондой эле ал жергиликтүү милиция кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алган. Милиционер аларды Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турган», деп жазылган маалыматта.



