Коом

Жалал-Абадда эки үй-бүлө көмүрдүн исине ууланды

ӨКМдин маалыматы боюнча, 7 адамдан турган биринчи үй-бүлө Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургундары, аларды 13-ноябрда ис урган. Жабыркаган балдардын эң кичүүсү 2 жашта. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылоого үйүнө жөнөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен бизге тастыктады.  

Ал эми экинчи үй-бүлөнү ис бүгүн урган. Алар Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургундары. Райондук ооруканага 36 жаштагы эне үч баласы (13, 7 жана 6 жашта) менен жаткырылган. Алардын абалы орто, учурда керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын бизге Аксы райондук ооруканасынан билдиришти.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button