Коом

Таштанды челектен табылган наристени таенеси багып алууга даяр

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристенин тагдыры тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button