Кадамжайда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө милиция жардам берди

2023-жылдын 14-15-16-ноябрь күндөрү Кадамжай районунун аймагында «Өспүрүм эмгек» аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү райондун аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жана алардын социалдык абалын текшерүү максатында ар бир кожолукка кирип, жашоо-шарттары менен таанышып чыкты.
Жыйынтыгында аз камсыз болгон 9 үй-бүлө аныкталып, тийиштүү материалдар чогултулуп, ар тараптан кам көрүү максатында социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлдү.
Ошондой эле райондун аймагында жайгашкан бардык билим берүү мекемелеринде окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында рэкетчилик, топтошуп мушташуу, зордук-зомбулук, телефонду туура багытта пайдалануу, жол эрежеси жана башка дагы ар кандай темаларда 38 жолу лекциялар окулуп, профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кадамжай РИИБдин жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү бүгүнкү күндө кыш мезгили жакындап күн суук түшүп, үйлөрдү жылытууда жарандарды көмүр газынан жана электр энергиясынан сак болууга үндөп, шаар жана айыл өкмөт кызматкерлери менен биргеликте, элдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кырсыктардын алдын алуу максатында эскертүүлөрдү берди.
Район аймагында жайгашкан автобекеттер, автоунаа жуучу жайлар, базарлар, жана башка жаш балдар болуусуна тыюу салынган жерлер текшерилип, жогоруда аталган жайлардын ээлерине жаш балдарды жумушка тартпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, автоунаа жууп иштеп же башка ар кандай формадагы жумуштар менен алектенип жаткан жашы жете электер аныкталган жок.
Ошондой эле жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрдүн демөөрчүлүгү менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө тамак аш азыктары менен камсыз кылынды.



