Окуялар

УКМК: Кара-Суу районунун Жим айылында сепаратисттердин курал-жарак сактаган жайы табылды — ВИДЕО

2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн күчтөрүн жана каражаттарын колдонуу менен көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 1 даана АКМ-74, 1 даана РГД-5 гранатасы, 40 даана 7,62 калибрдеги, 9 даана  5 калибрдеги патрондор,  кара маска, 1 даана бычак жана жашыл түстөгү колкап сакталган жай табылган.

Жогоруда аталган курал-жарактар маалыматты каттоо журналынын алкагында алынды, эми тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button