
Федерация Кеңешинин башчысы президент менен болгон жолугушууда Кыргызстанда тогуз кыргыз-орус мектеби курулаарын эске салды. Матвиенко Владимир Путиндин саламын айтып, Россия кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Жапаров мамлекеттер ортосундагы мамилелерди стратегиялык жана союздаштык мүнөзгөө ээ экенин айтты. Ал Владимир Путинге ысык саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Мамлекет башчысы Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактын тең маанилүү каналына айланганын белгиледи.



