Коом
Бишкектин 22 мектебинде сабактар смартфонсуз өтүүдө

“Смартфонсуз сабак” долбоору Биринчи май районунда ишке ашырылды. Ал үчүн мектептерге 1801 куту сатып алынып, ага жергиликтүү бюджеттен 3 млн. сом бөлүнгөн.
Окуучулар телефонун сабак баштаардан мурун кутуга салып коюшат. Гаджетти тыныгуу учурунда жана окуудан кийин колдонсо болот.
Бул идея Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идыровага таандык. Мэрия долбоор балдардын телефонго алаксыбай, материалды жакшы өздөштүрүүсүнө жардам берерин айтты.



