Биз волейболду тандайбыз! ЖАКнын кызматкерлери арасында мелдеш өттү

ЖАКнын “Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу тутумунун кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча чемпионатты өткөрүү жөнүндө” № 120- буйругуна ылайык жана 8-март аялдардын Эл аралык күнүнүн урматына Бишкек шаарында волейбол боюнча өтө кызуу мелдеш өттү.
Сыйлыктар үчүн күрөшкө бир эле учурда 9 аялдар тобу катышты. Бул борбордук аппараттын, башкы медициналык башкармалыктын ошондой эле № 2-, 3-, 14-, 21-, 31-, 47-, 50- мекемелеринин кызматкерлеринен турган командалар ойношту.
Оюндун жыйынтыгында баш байге төмөнкүчө бөлүштүрүлдү: 1-орун №2-мекеме; 2-орун №3- мекеме; 3-орун №14-мекеме.

«Мыкты чабуулчу» болуп ички кызматтын кенже сержанты Жумашова Асылгүл №2 колониянын контролеру табылды. «Эң мыкты байланышчы» болуп №14-колониянын өздүк курам менен иштөө тобунун ага инспектору, и/к майору Абдыралиева Роза табылды. «Мыкты коргоочу» деп №3 мекеменин өздүк курамынын улук инспектору, и/к майору Абдыраимова Миргүл табылды.
Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды.



