Маданият
Сальвадордо «Аалам сулуусу» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

“Аалам сулуусу-2023” титулун никарагуалык Шейнис Паласиос жеңип алды. Бул тууралуу сынактын уюштуруучулары Х соцтармагына жарыялашты.
Сулуулар таймашына 80 мамлекеттен келген бийкечтер катышкан. Шейнис модель, 23 жашта.
Аалам сулуусу» эл аралык сынагынын финалы Сальвадордо өттү, кезектеги конкурс Мексикада уюштурулат.



