Коом
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолдун жарымы акы төлөнө турган болот

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаевдин айтымында, Түндүк-Түштүк альтернативалык жол 2025-жылы пайдаланууга берилет.
Ошондой эле, ал белгилегендей, учурда курулуштун биринчи жана экинчи фазасы аяктады, үчүнчү фазасы ушул жылдын соңуна чейин аяктайт деп күтүлүүдө.
Солтобаев Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу 95 пайызга бүткөнүн жана ноябрга чейин калганы иши бүтөөрүн, бирок алдыда кыш тургандыктан, курулуш иштери келерки жылдын жазында кайра улантылаарын айтты.
«Жолдун айрым бөлүгү калктуу конуштар аркылуу өткөндүктөн баарын акылуу кылууга болбойт. Биз акы төлөнчү жолдорго акысыз альтернатива болушу керек деген мыйзамга таянабыз. Жергиликтүү тургундар үчүн жеңилдик да каралууда», — деди ал.



