Элвира Сурабалдиева Чолпонбай Түлөбердиев паркына атасынын ысымын ыйгарууну сунуштаган
Бишкектин мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын аны камоо талабына комментарий берди.
«Мен көпкө унчукпай жүрдүм. Бул Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын долбоорун түзө баштаганда болгон. Азиз Суракматов (ошол кезде Бишкектин мэри болгон – 24.kg эскертүүсү) менен экинчи жолу чыктык. Ал жакка Эльвира Сурабалдиева келди. Мен анда алардын тууган экенин билген эмесмин. Ал атасы Жыргалбек Сурабалдиевге сейил бактын ысымын ыйгарууга татыктуу экенин айта баштады. Мен Чолпонбай Түлөбердиев менен Жыргалбек Сурабалдиевдин ортосунда асман менен жердей чоң айырма бар деп жооп бердим. Ал эми паркка СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы коюлушу керек. Анын үстүнө ошол жылы согуштун аяктаганына 75 жыл болгон», — деди ал.
Мирлан Амантуров депутаттын 800 миллион сомду кайдан алганын түшүнбөй турганын кошумчалады.
«2019-жылы мен кеткенде «Бишкекасфальтсервистин» кирешеси 60 миллион сом болчу. 2015-жылдан 2020-жылга чейин 150 чакырым жол жана төрт парк курулган. Жолдорду жана веложолдорду (узундугу 30 километрге жакын) курууга 2 миллиард сомго жакын акча бөлүнгөн. 2015-жылы болжол менен 250 миң долларга бир чакырым жол салганбыз, калгандары 1,3 миллион долларга салынды», — деп түшүндүрүп, көптөгөн текшерүүлөр жана экспертизалар болгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында: 2020-жылдын декабрь айында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынан 800 миллион сом уурдалганын, ал үчүн ишкананын мурдагы директору Мирлан Амантуровду эске салып, жоопко тартылгандыгын айткан. Анын айтымында, иш аягына чыга элек. Депутат Эльвира Сурабалдиева Мирлан Амантуровду жана анын шериктерин камоону талап кылган.
Булак: 24.kg маалымат агенттиги



