Маданият

Кыргызстан менен Өзбекстан «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» боюнча тасма тартат

Кыргызстан жана Өзбекстан Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести боюнча биргелешип көркөм тасма тартуу меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, эки өлкөнүн кинематографисттери документке 20-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында кол коюшкан.

Меморандумга кол коюу иш-чарасында улуу жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруунун актуалдуулугу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кино тартуу иштерин жандантып, алаканы бекемдөө макулдашылган.

Министрлик 2023-жылдын сентябрь айында Ташкенттеги «Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалынын жарманкесинде Кыргызстандын Кинематография департаменти менен Өзбекстандын Кинематография агенттиги «Однажды в Самарканде» аталышындагы көркөм тасма тартуу жөнүндө меморандумга кол коюшканын эске салды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button