Коом

Карызы 300миң сомдон ашкан. «Алтын-Казык» конушунун жашоочулары үчүн электр жарыгы өчүрүлдү

Кечээ, 16-ноябрда “Түндүк электр” ААК “Алтын-Казык” жаңы конушунда жашаган Ж.Келдибекованын абонентинин 301 миң 527 сом дебитордук карызы үчүн электр жарыгын өчүрдү. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы кызматы билдирди.

Белгилей кетсек,  жер тилкеси трансформацияланбагандыктан «Түндүк электр» ААК аталган конуштун тургундары менен түз электр энергиясын камсыздоо келишимин түзүүгө укугу жок. Буга байланыштуу абонент Ж.Келдибекова бөлүштүрүүчү компания менен турмуш-тиричилик абоненти категориясындагы абоненттик «тургундардын тобу» катары келишим түзгөн. «Келишимге ылайык, абонент керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү ошол конуштун жашоочуларынан убагында төлөп берүүгө милдеттүү болчу.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын башынан бери ал абонент бир нече жолу карызды толук жабуу боюнча келишимге кол койгону менен, ал дагы толук төлөнбөй калган карыз пайда болгон, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button