Коом
«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорунун негизинде 3,29 млрд сомго кредит берилди
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоору бекитилген. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай долбоордун алкагында республиканын 7 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 297,9 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөө көлөмү 3,3 млрд сом.



