
26-29-ноябрда боло турган иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркиянын 100 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат. Ал Анкара жана Анталия шаарларында уюштурулат.
Саамалыкка Алтынбек Максутов жетектеген маданият өкүлдөрү, өнөр адамдары барат. Эки күндө концерттик программадан тышкары кыргыз киносунун күндөрү, маданий жолугушуулар, сүрөт, улуттук кийим жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болот.



