КоомСаясат

Акылбек Жапаров: «ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы!»

Урматтуу Президентибиз өзүнүн акыркы интервьюсунда: “Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат” деди. Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтажталды. Анын эң башкы далили – Кумтөр. Ал элге кайтарылды: 5 арбитраждык, 6 ар түрдүү эл аралык соттук процесстерди бүтүрдүк. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод боюнча иштерде 100% Кыргызстандын пайдасына соттук процесстерди жеңдик. Ушунун баарын саясий коррупция басып турган. Мен 20 жылда 3 жолу депутат болдум. Дүйнөлүк банктын “Многоликая коррупция” деген китебин канча жолу бийликтегилерге жеткире алган жокмун. Саясий коррупция болгон жерде ОПГ сөзсүз аралашат. Анткени ОПГ – саясий коррупциянын эгизи же бир тууганы! Бардык баскычтарда тазалануу иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button