Алар кечээ Россиянын өкмөтү уюштурган Каир — Москва маршруту менен эвакуацияланды. Мекендештерди РФ борборунан Кыргызстан элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага жайгаштырган.
“Кыргыз тарап Кыргызстандын жарандарын Газа тилкесинен ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн Россия тарапка ыраазылык билдирет”, — деп айтышты ТИМден.



