Коом
28-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызгидромет борбору 28-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19….+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19….+21, Талас облусунда +14…+19, Ысык-Көл, Нарын облустарында +6…+11 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +19…+21 градуска чейин көтөрүлөт.



