Коом

ИИМдин орун басары Суюнбек Ниязбеков ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк боюнча жетекчилик кылган кызматтар менен кеңешме өткөрдү

2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков 2023-жылдын 10 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча көзөмөл кылган кызматтары менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде белгиленгендей, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү жана жарандардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн республиканын аймагын видеобайкоо камералары менен камтуучу географиялык зоналарды кеңейтүү маселелери талкууланды.


Мындан тышкары, отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилген.
Калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Бүгүнкү күндө бардык облустук борборлордо жана республикалык жана облустук маанидеги шаарларда «Бирдиктүү терезе» аркылуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору жана пункттары иштеп жатат.


Кеңешменин жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков санариптик технологияларды өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү, ошондой эле кызматтык ишмердүүлүктө мыйзамдуулукту так сактоо зарылдыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button