Коом

Бишкекте жакында муниципалдык мончо ишке берилет

Бишкекте жакында муниципалдык мончо ишке берилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбордун мэри Айбек Жунушалиев ири реконструкциядан кийин Жибек Жолу проспектиси, 286 дарегиндеги мончо-ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу тапшырмасын берди.

Имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 2705,41 чарчы метрди түзөт, 240 орундуу (120 эркек жана 120 аял), буу бөлмөсү, бассейн, гардероб, массаж бөлмөсү, сулуулук салону, эс алуу бөлмөсү, намазкана жана ашкана, мүмкүнчүлүгү чектелген өзгөчө жарандар үчүн лифт, автопарк бар.

Мончо күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин иштейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button