«Кыргыз Темир жолу» ишканасынын жетекчиси коомчулукка ачык экенин билдирди

«Кыргыз Темир жолу» ишканасынын жаңы дайындалган Башкы директору Азамат Сакиев, коомчулук менен байланышууда ачык экенин билдирди. Ал, ишкананын фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
«Урматтуу замандаштар!
Учурда «Кыргыз Темир жолу» Улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасын жетектеп жатам. Кыргыз Темир жолунун басып өткөн тарыхый жолу өтө чоң, жана бүгүнкү күндө темир артерриясы өлкө аймактарда материалдык баалуулуктарды жерине жеткирүүдө ролу чоң.
Алдыбызда инвестиция тартуу менен мекемени мындан ары да өнүктүрүү жумуштарын аткаруу турат. Албетте, бул иштерди аткарууда мекеменин тажрыйбалуу кызматкерлери, жаш муундардын жаңыча көз карашы менен биргеликте алып кетүү максатым бар. Аталган максаттарды ишке ашырууга ак ниетим менен киришем.
Урматтуу достор! Биздин мекемеге карата суроо, сунуш, ой-пикирлер жаралса, жооп бергенге даярмын. Коомчулук менен ачык байланышта болобуз»-дейт ал.
Белгилей кетсек, 32 жаштагы Азамат Сакеев «Кыргыз Темир жолу» ишканасына Башкы директор болуп жакында дайындалды. Ал буга чейин аталган ишканада башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Билимди чет өлкөдөн алган.



