Дүйнө

Кытайда торнадо 5 кишинин өмүрүн алып, 80ден ашык адам жабыркады

Кытайдын Шаньдун провинциясында торнадо кеминде беш адамдын өмүрүн алды. Дагы 80ден ашык адам жабыркады.

«Синьхуа» агенттиги маалымдагандай, Хэцзе шаарында катуу куюн катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, торнадонун кесепетинен 2820дай объекти жана 48 электр линиясы жарактан чыккан. Ошондой эле табигый кырсыктан улам 4 миңден ашык гектар айыл чарба жерлери жабыркады.

Оңдоо иштеринен кийин транспорттук каттамдар, байланыш, суу жана электр энергиясы берилгени айтылууда.

Эске салсак, апрелде куюн Гуанчжоу шаарын каптаганда беш адам көз жумган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button