Спорт
Кыргызстандык клуб тарыхта биринчи жолу АФК кубогунда плей-оффко чыкты
Канттын “Абдыш-Атасы” кечээ Түркөмөнстанда үй ээлери “Алтын Асыр” менен ойногон. Биринчи таймда кыргызстандык клуб 0:2 эсебинде артта бараткан, бирок андан кийин илбирстин секиригиндей эле болду. Экинчи таймда “Абдыш Ата” 18 мүнөттүн аралыгында эле 4 гол киргизүүгө жетишти. Натыйжада 4:2 эсеби менен жеңип алды.
Кыргызстандык клуб өз тайпасында лидер болуп, турнирдеги плей-оффко — интерзоналдык жарым финалга мөөнөтүнөн мурда чыкты.



