Коом
1-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 1-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10, Талас облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7…+12, Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын облусунда +2…+7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +7…+9 градус болушу күтүлөт.



