КоомСаясат

Соодагерлердин митингдеринен улам Акылбек Жапаров жыйын өткөрдү

Ал маалыматтын жетишсиздигинен салык режиминдеги өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтып,  чакан азык-түлүк дүкөн иштеткен, базарларда майда соода кылгандар салык төлөөдөн толугу менен бошотулганын белгиледи. 

Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган «тар топтун» кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешеси кимдир-бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктура курууга, элдин жашоосун жакшыртууга жумшалат. Бардык адамдарды жакырчылыктан чыгарабыз. Байлар дагы да байып, кедейлер кедей болуп кете берүүсү мүмкүн эмес. Үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеген  чынчыл адамдарды коргойбуз жана жардам беребиз. Биз алар тараптабыз«, — деген Жапаров.  

Өкмөт башчы 2 жуманын ичинде электрондук эсеп-фактураларды жана жол баракчасын  иштетүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча тапшырмаларды берген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button