Коом
Кичинекей кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн

Буга чейин интернетте аялдын эки кызды сабаган видеосу тараган. Милиция бул боюнча кылмыш ишин козгоп, кыздардын энесин кармаган. Ошондой эле келиндин кайненеси дагы (экинчи жолдошунун апасы) кылмышка катыштыгы бар деп айыпталган.

Кармалган аял өзүнүн эки жашар эгиз кыздарына шымын булгап койгону үчүн кол көтөргөнүн айткан. Эгиз кыздар анын биринчи күйөөсүнөн экени, ал учурда экинчи күйөөсү менен жашары маалым болгон.



