Коом
Баткенде дайынсыз жоголгон аял үйүндөгү мал сарайда асынып алган абалда табылды

Баткен шаарынын 65 жаштагы тургуну И.Ж. өз үйүнүн мал сарайынан асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматында, аялдын жакындары анын дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылышкан.
«И.Ж. ошол эле күнү өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып турган абалда табылды. Учурда текшерүү иши жүрүп жатат», — дейт аймактык милиция.
Маркум бүгүн акыркы сапарга узатылат.



